• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кайсы оору менен жабыркаган адамдар пенсиянын топтоо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу? Жооп

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Кыргызстандын Социалдык фондунан кайсы оорулар менен ооруган адамдар пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укуктуу экендигин айтып беришти.

Оорулардын тизмеги:

1. Tumor Nodus Metastasis эл аралык классификациядагы, 2 клиникалык топтогу II, III, IV стадиядагы бардык зилдеме жаңы шишиктер.

2. Кан оорусу:

1) курч мүнөздөгү лейкоз (бардык түрлөрү);

2) апластикалык аз кандуулук;

3) гемофилия.

3. Кан айлануу органдарынын ооруларынын төмөнкү түрлөрү жана формалары:

1) кабылдаган же тубаса жүрөк кемтиги;

2) жүрөктүн ритминин жана өткөрүмдүүлүгүнүн бузулушу;

3) жүрөктүн өнөкөт коронардык оорусу: анын ичинде өнөкөт аневризми, жүрөк жетишсиздиги менен коронардык ангиопластика жана коронардык шунтирлөө;

4) операция кылууну талап кылган магистралдык кан-тамырлардын бузулуусу менен артериялардын оорусу;

5) облитерацияланган эндартериит оорусунун күчөп кеткен түрлөрү.

Пикир

Оставить комментарий