• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соцфонд: Өткөн жылы жарандардан 8510 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Социалдык фонддун жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу бөлүмүнө 2021-жылдын январь-декабрь айларында жалпысынан 8510 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

жазуу түрүндө кайрылуулар - 598;

ооз эки кайрылуулар - 627;

электрондук кайрылуулар - 227.

2021-жылдын январь-декабрь айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшкөн:

пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;

мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

пенсияларды индексациялоо тууралуу;

пенсияга укугу боюнча;

пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;

пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынан 82 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

2021-жылдын январь-декабрь айларында 6976 чалуулар ишеним телефон аркылуу келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий