• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Соцфонд: Жыл башынан бери МТПФ каражаттарын инвестициялоодон 2,7 млрд сом киреше түштү

Экономика 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Социалдык фонд 2022-жылдын январь-октябрь айларында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 12,5-16,0% жылдык кирешелүүлүгү менен 5 млрд 422 млн 473,2 миң сом инвестициялаган. Бул тууралуу Соцфонддон билдиришти.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 309 млн 937 миң сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,5% чегинде болгон.

Алсак, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы 8 млрд 732 млн 410,2 миң сом инвестицияланган.

Отчеттук мезгилде 1 млрд 493 млн 987,5 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 3 млрд 640 млн сом суммасында депозиттер кайтарылган.

2022-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 млрд 291 млн 508 миң сом;
депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 500 млн 701,7 миң сом;

МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 5 млн 759 миң сом.

Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 2 млрд 797 млн 968,7 миң сом киреше алынган.

Пикир

Оставить комментарий