• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Соцфонд: Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 31,4 млрд сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 2020-жылдын январь-август айында 31 млрд 498,3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.

Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:

- Бишкек шаары — 5 млрд 135,2 млн сом;

- Чуй облусу — 4 млрд 856,9 млн сом;

- Нарын облусу — 2 млрд 538,1 млн сом;

- Ысык-Көл облусу — 2 млрд 861,8 млн сом;

- Талас облусу — 1 млрд 301,4 млн сом;

- Ош шаары — 1 млрд 131,7 млн сом;

- Ош облусу — 5 млрд 796,4 млн сом;

- Баткен облусу — 2 млрд 520,9 млн сом;

- Жалал-Абад облусу — 5 млрд 356,0 млн сом.

Пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2020-жылдын август айында 3 млрд 931,6 млн сом түздү.

Пикир

Оставить комментарий