• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Соцфонд: Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 41,2 млрд сомду түздү

Коом 0

Бишкек, 05.12.19. /Кабар/. Пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 2019-жылдын январь-ноябрь айына 41 млрд 277,9 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.

Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:

- Бишкек шаары —6 млрд 327,3 млн сом;

- Чүй облусу— 6 млрд 395,3 млн сом;

- Нарын облусу— 3 млрд 349,4 млн сом;

- Ысык-Көл облусу — 3 млрд 752,4 млн сом;

- Талас облусу — 1 млрд 708,7 млн сом;

- Ош шаары — 1 млрд 484,4 млн сом;

- Ош облусу — 7 млрд 565,8 млн сом;

- Баткен облусу— 3 млрд 282,9 млн сом;

- Жалал-Абад облусу— 6 млрд 967,1 млн сом.

Пенсия жана жөлөк пулдардын каржылоосу 2019-жылдын ноябрь айына 3 млрд 956,7 млн сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий