• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соцфонддун 2018-жылдагы кирешеси 51 млрд сомдон ашты - Ирсалиев

Экономика 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Социалдык фонддун 2018-жылдагы жалпы кирешеси 51 млрд. 13,8 млн. сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев кабарлады.

Ал белгилегендей, 2017-жылга салыштырмалуу киреше 2 млрд. 101,8 млн. сомго же 4,3%га көп болгон.

“Камсыздандыруу төгүмдөрү 30 млрд. 642,1 млн. сом болуп келип түштү. 2017-жылга салыштырмалуу өсүү 6,6%ды түзгөн. Аскер кызматчыларына пенсиялык төлөмдөргө, жеңилдетилген пенсияларды жана пенсияларга кошумча акыларды төлөөгө, электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 2018-жылы 2 млрд. 21,7 млн. сом суммасында келип түштү”, - деди ал.

Ошол эле маалда, Ирсалиевдин айтымында, 2018-жылы Фонддун чыгымдары 50 млрд. 309,7 млн. сомду түзгөн. Ал 2017-жылга салыштырмалуу 3 млрд. 847 млн. сомго көп.

“Былтыркы жылы пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө керектелүүчү сумма 2017-жылга салыштырмалуу 3 млрд. 428,4 млн. сомго өскөн”, - дейт Соцфонддун башчысы.

Пикир

Оставить комментарий