• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцфонддун 2021-жылдагы бюджети 1,7 млрд сомдук профицит менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 18.02.22. /Кабар/. Социалдык фонддун 2021-жылы аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын өттү, - деп билдирет Соцфонддун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Соцфонддун жалпы кирешеси 2021-жылдын алдын ала жыйынтыгы боюнча, 62 571,0 млн сомду түздү, бул такталган бюджеттен 100,5 % көп. 2020-жылга аткарылган бюджетке салыштырмалуу 6 млрд 514,9 млн сомго же 111,6%га көбүрөөк.

38 млрд 378,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү түштү. 2020-жылга салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жыйналышы 5 млрд 201,2 млн сомго же 115,7% өстү.

Аскер кызматчыларынын пенсиялык төлөмдөрүнө, жеңилдетилген пенсияларды, пенсияларга үстөк акыларды төлөөгө жана электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө республикалык бюджеттен милдеттүү бөлүнүүчү каражаттар 23 млрд 827,3 млн сом өлчөмүндө түштү.

Социалдык фонд туумдардан жана айыптардан, Социалдык фонддун эсептериндеги күнүмдүк калдыктарга пайыздардан, дивиденддерден ж.б. булактардан 365 млн сом киреше алды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылы Социалдык фонддун жалпы чыгымдары 60 млрд 807,9 млн сомду түздү, бул 2020-жылга салыштырмалуу 4 млрд 171,9 млн сомго көп.

2021-жылы пенсияга керектелген 50 млрд 819,4 млн сом толугу көлөмдө каржыланды. 2022-жылдын 1-январына карата пенсия төлөө боюнча карыздар жок. 2020-жылга салыштырмалуу пенсия төлөөгө керектелүүчү сумма 2 млрд 960,4 млн сомго көбөйдү.

2021-жылдын 1-январына карата республика боюнча пенсия алуучулардын саны 714,6 миң адамды түздү, алардын ичинен 222,9 миң адам же жалпы санынын 31% «Кыргызпочтасы» МИ филиалдары аркылуу, 491,7 миң адам же 69% коммерциялык банктар аркылуу пенсия алышат. 2020-жылга салыштырмалуу пенсионерлердин саны 26,4 миң адамга көбөйдү.

2021-жылы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2 742,1 миллион сом суммасында, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду 212,1 миллион сом суммасында каржыланды.

Алдын ала жыйынтык боюнча, 2021-жылы Социалдык фонддун бюджети 1 млрд 763,1 млн сомдук профицит менен аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий