• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Соцфонддун башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Социалдык фонддун кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Свердлов райондук бөлүмүнүн башкы адиси К.А., 12 миң сом өлчөмүндө акча каражаттарын алып жаткан жеринен кармалды.

"Такталган маалымат боюнча, арыз жазган адам 2016-жылы чет өлкөгө кеткендигине байланыштуу ишкерлигин башка бирөөгө саткан. Бирок, 2018-жылы декларация толтуруп жаткан учурда, ал жеке ишкер катары каттоодо тургандыгы жана ал документтерди жабуу керектиги аныкталган. Ишкер салык органдарына жана КР Социалдык фондуна айыптарын төлөгөн соң, тиешелүү арызы менен кайрылган. Ага карабастан кармалган К.А., арыз ээсинен жеке ишкер катары карыздарын жок кылуу үчүн ири өлчөмдө акча каражатын талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Пара талап кылуу фактысы боюнча материалдар КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүгүндө каралаган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК ТКЖ убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий