• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Соцфонддун Call-борбору 11 айда 44 миңден ашуун кайрылуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Социалдык фонддун Call-борбору 2020-жылдын январь-ноябрь айларында 44 миң 451 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Соцфонддун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Call-борборго 2 570 кайрылуу келип түшкөн.

Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 899 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.

КР Соцфондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий