• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Соцфонддун Call-борбору былтыр 48 миңден ашуун кайрылуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/. Социалдык фонддун Call-борбору 2020-жыл ичинде 48 миң 181 кайрылуу кабыл алды.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Соцфонддун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

2020-жылдын декабрь айында Соцфонддун Call-борборуна 2 миң 971 кайрылуу келип түшкөн.

Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 759 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

"Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт", - деп айтылат Соцфонддун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий