• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцфонддун филиалын жоюуга жергиликтүү калк нааразы

Аймак 0

Бишкек, 15-июнь /Кабар/. 2017-жылдын 9-июнунда Токтогул районунун Үч-Терек айылында Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин демилгеси менен Токтогул райондук Социалдык фондунун башкармалыгынын Үч-Терек филиалын жоюу маселесин талкуулоо боюнча Үч-Терек, Кызыл-Өзгөрүш жана Ничке-Сай айыл өкмөттөрүнүн жана айылдык кеңештеринин башчылары жана тургундары катышкан жолугушуу болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга КР Социалдык фондунун аппарат башчысы Бакыт Ишеналиев башында турган жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү катышышты.

1998-жылы Үч-Терек району жоюлуп, Токтогул районуна бириктирилгенден кийин, Үч-Терек өрөөнүнүн 30 миңдей калкына мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү максатында, Социалдык фонддун 3 штаттык бирдиги калтырган. Ошондон бери алар 3883 адамдын пенсияга чыгуусуна жана жөлөк пул алуусуна көмөк көрсөткөн.

“Учурда жергиликтүү тургундарды жеринде тейлөө кызматтарын көрсөтүүдө аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнүн ордуна, Соцфонд өзүнүн Үч-Терек филиалын жоюу маселесин көтөрүүдө. Мындай кадамга жергиликтүү калк абдан нааразы. Соцфонддун Үч-Терек филиалы жоюлбашы керек. Калкка кызмат көрсөтүү деңгээлин көтөрүү - Президент тарабынан демилгеленген “Таза коом” долбоорунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан, иш-кагаздарын жүргүзүүнү электрондук форматка өткөрүү – замандын жана элдин талабы”, - дейт Осмонбек Артыкбаев.

Андан тышкары, депутат Жетиген айылынын тургундары менен жолугушуп, заманбап спорт клубдун курулушун баштоо үчүн акчалай жардам берди. Ошондой эле, элеттиктер Тартуулук суусундагы көпүрөнү бекемдөө жана кошумча тилке салуу жаатында да жардам берүүсүн өтүнүштү. Эл өкүлү колдон келген жардамын аябай турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий