• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соцфонддун өкүлдөрү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эки тараптуу жолугушууларга катышты

Коом 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Молдова Республикасынын Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу кассасынын ортосундагы Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө 2021-жылдын 20-22-октябрында Молдова Республикасынын Кишинев шаарында эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү. Бул тууралуу КР Соцфонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө Социалдык фонддун өкүлдөрү Молдова Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасы, пенсияларды жана жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөө процесси, бюджет системасы, бизнес-процесстерди санариптештирүү тажрыйбасын талкуулашты.

Ошондой эле чет өлкөдө иштеп жаткан Молдованын жарандарынын пенсия менен камсыз кылуу жагынан эки тараптуу макулдашууларды колдонуу жагында, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу системасын өркүндөтүү боюнча актуалдуу маселелер, учурдагы долбоорлор жана пландар талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий