• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Соцфонддун колл-борборуна жыл башынан тарта дээрлик 3,5 миң кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 11.03.22. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борбору январь-февраль айларында 3487 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Социалдык фондунун колл-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Соцфонддун колл-борборуна 2218 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1635и кирген жана чыккан чалуулар.

Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 583 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Социалдык фонддун колл-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий