• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцфонддун колл-борбору акыркы эки айда 8 миң 219 кайрылууну кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Социалдык фонддун call-борбору үстүбүздөгү жылдын январь, февраль айларында 8 миң 219 кайрылууну кабыл алды. Аталган фонддон билдиришкендей, социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча "1202" кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

"Февраль айында Соцфонддун call-борборуна 3 миң 90 жаран кайрылган. Мындан сырткары, сайт аркылуу 1 миң бир электрондук кайрылуу келип түшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий