• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцфонддун колл-борбору алты айда 10 миңден ашуун кайрылуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борбору январь-июнь айларында 10 миң 258 кайрылуу кабыл алды.

Соцфонддун басма сөз кызматы билдиргендей, июнда 1 миң 788 кайрылуу түшсө, анын ичинен 1 миң 276сы кирген жана чыккан чалуулар. Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 512 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

"Колл-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө. Социалдык фонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий