• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцфонддун колл-борбору июнда 1 миңден ашуун кайрылуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Социалдык фонддун Call-борбору 2021-жылдын июнунда 1007 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Соцфонддун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

2021-жылдын май айында колл-борборго 729 кайрылуу келип түшкөн.

Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 278 кайрылуу түшкөн.

Соцфонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий