• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцфонддун колл-борбору жыл башынан тарта 6,8 миңден ашуун кайрылуу кабыл алган

Коом 0

Бишкек, 10.05.22. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борбору 2022-жылдын январь-апрель айларында 6 миң 835 кайрылуу кабыл алды.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, колл-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

2022-жылдын апрель айында Соцфонддун колл-борборуна 1716 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1256 кирген жана чыккан чалуулар.

Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 460 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Социалдык фонддун колл-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий