• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Соцфонддун колл-борборуна акыркы бир айда 4 миңден ашуун кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна 2021-жылдын январь айында 4 миң 128 кайрылуу түштү. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы бир айдын ичинде фонддун колл-борборуна 3 166 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 962 электрондук кайрылуу болгон.

"Соцфонддун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө", - деп кошумчалашты ведомствонун басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, колл-борборго кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий