• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцфонддун колл-борборуна январь айында 3994 кайрылуу келип түштү

Коом 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын январь айында Соцфонддун колл-борборуна 3363 кайрылуу, андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 631 телефон аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР Социалдык фондунун колл-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

КР Соцфондунун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий