• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцфонддун колл-борборуна январь-февралда 8137 кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 04.03.20. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борбору январь-февраль айларында 8137 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Социалдык фондунун колл-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Соцфонддун колл-борборуна 3416 кайрылуу келип түшкөн.

Андан тышкары сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде 727 сайт аркылуу электрондук кайрылуу келип түшкөн.

КР Соцфондунун колл-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий