• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцфонддун колл-борборуна январда 1,2 миңден ашуун кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Социалдык фонддун Call-борбору 2022-жылдын январында 1 миң 269 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, январда Соцфонддун Call-борборуна 850 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 419 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

"Социалдык фонддун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Соцфонддун Call-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий