• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Соцфонддун колл-борборуна сентябрда 1,2 миңге жакын кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 08.10.21. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борбору 2021-жылдын сентябрында 1 миң 195 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 441и электрондук кат түрүндө болгон.

Социалдык фонддун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

Соцфонддун коллl-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий