• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцфондго акыркы төрт айда 3,5 миңден ашуун арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Социалдык фонддун жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу бөлүмүнө 2021-жылдын январь-апрель айларында 3 миң 543 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен:

- жазуу турундө кайрылуулар - 236;

- ооз эки кайрылуулар - 204;

- электрондук кайрылуулар - 77.

2021-жылдын январь-апрель айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушкөн:

- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

- пенсияларды индексациялоо тууралуу;

- пенсияга укугу боюнча;

- пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;

- пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле Социалдык фонддун төрагасы, төраганын орун басарлары жана Иш башкаруучу тарабынан 27 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөөлөр берилип келүүдө.

2021-жылдын январь-апрель айларында 2999 телефон чалуулар, анын ичинен уюлдук телефон аркылуу 381 чалуулар түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий