• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соцфондунун 2016-жылдагы бюджеттик отчетун бекитүү мыйзамына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 19.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жɵнүндɵ отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 15-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзам 2016-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктарын бекитүү максатында кабыл алынган.

Аталган максатта кабыл алынган Мыйзамдын 1-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 44 700 435,8 миң сом суммасында, чыгымдар боюнча 42 312 302,8 миң сом суммасында, кирешелердин чыгымдардан 2 388 133,0 миң сом суммасында ашуусу менен бекитилген.

Мыйзамдын 2-беренесине ылайык, Мыйзам расмий жарыяланган күндɵн тартып он күн ɵткɵндɵн кийин күчүнɵ кирет

Пикир

Оставить комментарий