• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

«Социал-демократтар» партиясы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 30.08.21. /Кабар/. КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына «Социал-демократтар» партиясынан 2021-жылы 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып Нурбек Касымбековду, ал эми Таалайбек Усубалиевди финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүл кылып дайындады.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайоону дайындагандан кийин 5 календарлык күндүн аралыгында шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына катышуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлашы керектигин эскертет.

Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси кол коюуга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазуу түрүндө маалымдоо берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий