• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитеттин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.07.22./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитеттин кезектеги жыйынын өткөрдү.

«Үстүбүздөгү жылдын март айында биз Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата Антикризистик иш-чараларынын планын бекиттик. Бул документ азык-түлүк коопсуздугун жана мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылууга, инвестицияларды тартууга, соода жүгүртүүнү жогорулатууга, ошондой эле дүйнөлүк экономикалык системадагы кайра куруулардан улам келип чыккан тышкы терс факторлордун таасиринин кескин күчөшү шартында калкты жана бизнести мамлекеттик колдоого багытталган», - деп белгиледи ал.

Антикризистик чаралардын планын ишке ашыруу алкагында:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом өлчөмүндө финансы каражаты бөлүндү;
- Маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине киргизилген дары-дармектерди Кыргыз Республикасынын аймагына каттоосуз ташып келүү жөнүндө чечим кабыл алынды;
- калктын социалдык жактан аяр катмарына жана максаттуу топторуна гуманитардык жардам көрсөтүү максатында аз камсыз болгон жарандар үчүн социалдык маанилүү азык-түлүктөрдү сатуу каналдары түзүлдү;
- социалдык мааниге ээ продуктуларды сатып алууну (револьвердүү) каржылоо механизми түзүлдү;
- 2022-жылдын 1-июнунан тартып мамлекеттик жөлөкпулдардын айрым түрлөрүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды;
- 2022-жылдын 1-апрелинен тартып эмгек акыны жогорулатууну эске алуу менен социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы шарттарын жөнгө салган чечимдер кабыл алынды;
- Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында турак жайдын жаңы параметрлери кайрадан каралган жана белгиленген;
- Корея Республикасында жарандарды ишке орноштуруу үчүн квоталык орундардын саны 1800 орунга чейин көбөйтүлдү;
- чет өлкө валютасындагы бюджеттик кредиттер боюнча карыздарды реструктуризациялоо жөнүндө чечим кабыл алынды;
- уюмдарга жана жеке жактарга салык отчетторун берүүнүн мөөнөтү 2022-жылдын 1-июлуна чейин узартылды (жазуу жүзүндө арыз бербестен);
- 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган, анда сатып алуулар предметине карата интеллектуалдык, автордук же өзгөчө укуктарга ээ болгон өндүрүштүк ишканадан, өндүрүүчүдөн, же жеткирүүчүдөн бир булактан сатып алуу ыкмасы менен сатып алуу каралган;
- форель (радужный) үчүн тоют өндүрүү заводу курулуп жатат;
- республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу жүргүзүлдү.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин башчысы министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилерине артыкчылыктуу багыттар боюнча иштерди күчтөндүрүүнү тапшырды.

Белгилесек, 2022-жылдын 15-июлунда биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча маанилүү документтин – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылга Иш-аракеттер планынын аткарылышынын сапатына баа берилмекчи.

Пикир

Оставить комментарий