• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары: Өлкөдө жумушсуздардын саны дээрлик 19% түзөт

Экономика 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. КР Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча, 2019-жылдын январь-октябрында ИДПнын анык өсүшү 5,7 пайызды түзгөн, бул 2018-жылдын тийиштүү мезгилинен 3,6 пайыздык пунктка жогору, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 454,9 млрд. сом деңгээлинде түзүлгөн.

“Кумтөр” кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын анык өсүшү 3,3 пайызды түзгөн (2018-жылдын январь-октябрь айларында 3,0 пайызга өскөн).

2019-жылдын январь-октябрь айларындагы керектөө бааларынын индекси өткөн жылдын декабрына карата 1,2 пайызды түзгөн (2018-жылдын январь - октябрында 2017-жылдын декабрына карата (-0,9) пайызды түзгөн).

2019-жылдын январь-октябрь айларындагы керектөө бааларынын индекси 2018-жылдын январь-октябрына карата 0,8 пайызды түзгөн (2018-жылдын январь - октябрында 2017-жылдын январь-октябрына карата 1,8 пайызды түзгөн).

Доллардын эсептик курсу 2018-жылдын октябрь айынын аягына карата 0,18 пайызга жогорулап, 2019-жылдын октябрь айынын аягында 1 АКШ доллары 69,8068 сомго барабар болгон.

2019-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүш өнүмдөрүн өндүрүү иш жүзүндө 14,0 пайызга көбөйгөн (2018-жылдын январь - октябрында 1,1 пайызга өсүш болгон), бул өсүш кайра иштетүүчү өнөр жай өндүрүшүнүн 17,0 пайызга, пайдалуу кендерди казып алуунун 15,9 пайызга өсүүсүнүн эсебинен болгон. Энергетика секторунда 3,4 пайызга төмөндөө орун алган. Өнөр жайда, “Кумтөрдү” эсепке албаганда, 0,8 пайызга төмөндөө орун алган (2018-жылдын январь - октябрында 8,7 пайыздык өсүш болгон).

2019-жылдын январь - октябрь айларында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өсүш 3,0 пайызды түзгөн (2018-жылдын январь-октябрында өсүш 1,9 пайызды түзгөн). Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 4,6 пайызды түзгөн, ошону менен бирге чекене сооданын өсүшү (автомобилдерди жана мотоциклдерди сатуудан тышкары) 3,9 пайызды түзгөн.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 2019-жылдын январь-октябрында 7,1 пайызга көбөйгөн (2018-жылдын январь - октябрында өсүш 7,1%).

Почталык жана чабармандык иш кызматтары 2019-жылдын январь-октябрында 2018-жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинде калган, байланыш кызматтары 2,9 пайызга көбөйгөн, тарифтик кирешелер 19 605,4 млн. сомду түзгөн.

Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 2019-жылдын январь-октябрында 4,1 пайызга өскөн. Транспорттун бардык түрлөрү тарабынан ташылган жүктөрдүн көлөмү 3,6 пайызга көбөйгөн (2018-жылдын январь-октябрында өсүш 3,7 пайызды түзгөн).

2019-жылдын январь - октябрында айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо өнүмдөрүнүн көлөмү 192 598,0 млн. сомду, өсүш 1,8 пайызды түзгөн (2018-жылдын январь-октябрында 2,7 пайыздык өсүш болгон).

2019-жылдын январь - октябрында негизги капиталда инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бардык каржылоо булактарынын эсебинен 6,3 пайызга көбөйгөн (2018-жылдын январь-октябрында 2,3 пайыздык өсүш камсыз кылынган). Отчёттук мезгилде иш жүзүндө 109 366,2 млн. сом негизги капиталда өздөштүрүлгөн.

Курулуштун дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү 2019-жылдын январь-октябрында 9,4 пайызга өсүп, 111 749,4 млн. сомду түзгөн (2018-жылдын январь - октябрында 5,3 пайыздык өсүш болгон).

Расмий катталган жумушсуздардын саны 2019-жылдын октябрь айынын этегинде 83,3 миң адамды түзүп, 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,9 пайызга өскөн (2018-жылдын январь - октябында 10,5 пайыздык өсүш камсыздалган).

Орточо айлык эмгек акынын анык өсүшү 2019-жылдын январь-сентябрында 3,6 пайызды түзгөн, акчалай түрдө орточо айлык эмгек акы 16 411 сом деңгээлинде түзүлгөн.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, тышкы соода жүгүртүү 2019-жылдын январь-сентябрында 5 008,7 млн АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 2,8 пайызга азайган, анын ичинде экспорт – 1 356,5 млн. АКШ долларын (11,7 пайызга өсүү менен), импорт – 3 652,2 млн. АКШ долларын (7,3 пайызга төмөндөө менен) түздү.

Импорттун көлөмү экспорттун көлөмүнөн ашып кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 2 295,7 млн. АКШ долларын түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий