• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө долбоор коомдук талкууга чыгарылды

Өкмөт 0

Бишкек, 15.06.19. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Аталган документ жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалды жеңүү боюнча активдүү аракеттерге өбөлгөлөө жана алардын эмгек потенциалын ишке ашырууга аракеттешүү максатында иштелип чыккан.

Чечим долбоорунда жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу Жобону (мындан ары – Убактылуу жобо) бекитүү каралган, ал Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын 1-августунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин иштейт.

Убактылуу жобону ишке ашырууга жыл сайын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бюджетинен 300 млн сом каралат.

Долбоордун алкагында бул жардамды алууну каалаган жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бир үй-бүлөгө 100 000 сомго чейин бир жолку социалдык жардам алышат. Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн эмгекке жарамдуу жарандары үчүн жаңы жумуш орундарын (же өз алдынча иштөө шарттарын) түзүүнү каалаган ишкерлерге бир жолку кайтарымсыз сумма берилет.

Жакыр жашаган жана (же) аз камсыз болгон үй-бүлө жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги социалдык келишимге кол коюшат, анын алкагында үй-бүлө белгилүү бир милдеттемелерди өзүнө алып, ал эми мамлекет ага жардам берет.

Мисалы, үй-бүлө жеке чарбасында ишин жөнгө салууга же чакан бизнес ачууга, же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири кайра окутуудан өтүп, ишке орношууга жана үй-бүлөнү туруктуу киреше менен камсыздоого милдеттенет. Акча үй-бүлөнүн активдүү аракеттери үчүн берилет.

Бир жолку жардам алуунун милдеттүү шарты – жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жашоо сапатын жакшыртуу үчүн Социалдык ыңгайлаштыруу Программасынын айыл чарбасын же ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларынын өтүнмө ээси тарабынан аткарылышы саналат. Мындан тышкары ар бир үй-бүлө долбоорду ишке ашыруунун бүтүндөй мезгилинде коштолот.

Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык келишимдин негизинде бир жолку социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө убактылуу жобону ишке ашыруу өз алдынча иштөөгө аракеттешүү максатында төмөнкү көрсөткүчтөргө жетүүнү шарттайт:

- оор турмуштук кырдаалдан чыккан жарандардын саны, алардын келишим аяктаган мөөнөттөгү жан башына орточо кирешесинин социалдык келишимдин башталышына салыштырмалуу өсүүсү;

- «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпул алуучулардан чыккан социалдык келишим түзгөн үй-бүлөлөрдүн саны;

- туруктуу иши бар жарандардын саны.

Пикир

Оставить комментарий