• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Социалдык коргоонун 117 маалыматтык-сурап билүү линиясы ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 23.01.21. /Кабар/. Социалдык коргоо боюнча 117 маалыматтык-сурап билүү линиясы ишке кирет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн адистеринин турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга, анын ичинде гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандарга социалдык колдоо көрсөтүү, ошондой эле калк менен кайтарым байланыш түзүү боюнча ишин өркүндөтүү максатында түзүлгөн.

Чалуулар акысыз кабыл алынат. Райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери министрликке байланыштуу бардык маселелер боюнча жарандарга кеңеш беришет.

Келечекте 117 линиясы социалдык жардам боюнча корпоративдик маалымат тутуму, ошондой эле ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму "Түндүк" менен интеграцияланат.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин айтымында, пандемия учурунда ишеним телефону жана операторлордун консультациясы өзгөчө актуалдуу. Тилекке каршы, өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээли төмөндөбөй жатат.

"117 линиясы - бул үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге жардам берүүчү маанилүү чаралардын бири. Анын жардамы менен биз зордук-зомбулук фактыларына тезирээк реакция жасайбыз, зомбулуктун андан аркы алдын-алуу үчүн маалыматтарды иштеп чыгабыз, кырдаалды чечимдерди кабыл алабыз, ошондой эле жабыр тарткандарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтө алабыз", - деп белгиледи министр.

Министр өз сөзүндө өнүгүү боюнча өнөктөштөр Калк Фондусуна жана Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Чарльз Гарреттке жана жалпы британ элине көрсөтүлгөн техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

"Бүгүн биз бардык керектүү гарнитуралары менен телефондорду алуудабыз, бул ушул жылдын февраль айында аталган линияны ишке киргизүүгө мүмкүндүк берет", - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий