• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Социалдык маанилүү товарларды сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтом долбоору даярдалууда – Новиков

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Социалдык маанилүү товарларды сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтом долбоору даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен болгон жолугушууда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирген.

Жолугушууда Новиков азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү чаралары тууралуу, алардын айрымдарына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жана социалдык маанилүү товарларды сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча токтомдордун долбоорлору даярдалып жатканын билдирген. Ошондой эле ал, азык-түлүктүн зарыл болгон корун түзүү үчүн импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгилеген.

«Азык-түлүктүн беш түрүнүн кору ашыкчасы менен бар. Баалардын жогорулашына жол бербөө үчүн ири сатуучулар менен социалдык маанидеги товарларга жеткиликтүүлүк механизми иштелип жатат», - деп, Новиков, өлкөдө азык-түлүк менен камсыздоо эч кандай үзгүлтүккө учурабай турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий