• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө карай бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Максималдуу үстөктү белгилөө менен төмөнкү социалдык жактан маанилүү тамак-аш продуктуларына 90 календардык күндүк колдонуу мөөнөтү менен бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди:

1) өсүмдүк күн карама майы;
2) кум шекер.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген Социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, аталган тамак-аш продуктуларына бааларды мамлекеттик жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине кабыл алынган чечим тууралуу Евразия экономикалык комиссиясын жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерди белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.

Чечимге Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов тарабынан кол коюлган жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий