• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Социалдык маселелер боюнча кайрылуу үчүн Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 2 байланыш номери иштөөдө

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Социалдык маселелер боюнча кайрылуу үчүн Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча 2 байланыш номери иштеп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

Ал жардам сурап кайрылган жарандарга көмөк көрсөтүлүп жатканын айтып, жарандарды Жалал-Абад шаары боюнча 0701 11 70 32 номери, Сузак району боюнча 0701 11 70 30 номерине кайрылса болорун айтып өттү.

"Бишкекте жайгашкан республикалык штабдын 1227 Түндүк бирдиктүү номери иштеп жатат. Ошондой эле Жалал-Абадда жана Сузак районунда 2 уюлдук номер иштөөдө. Ал номерлерге кайрылыңыздар, жардам берүүгө аракет кылабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий