• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги социалдык мекеменин тургундары көлдүн жээгинде эс алышат

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын колдоосу менен Бишкектеги карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекеменин 50 тургуну Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, мекеменин кызматкерлеринин коштоосунда алар Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы "Алтын Булак" муниципалдык пансионатына барышты.

Мекеменин бардык жашоочулары бекер социалдык, медициналык, тиричилик кызматтары менен камсыз болушат, алар кийим -кече, бут кийим жана эң керектүү нерселер менен толук камсыздалып турат.

Пикир

Оставить комментарий