• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Социалдык өнүгүү министрлигине көбүнчө мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча арыз жана даттануулар түшкөн

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине көбүнчө мамлекеттик жөлөк пулдар боюнча арыз жана даттануулар түшкөн. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын башынан бери министрликке 1 миң 135 арыз жана даттануу түшкөн, анын 23ү электрондук кайрылуу.

Кайрылуу предмети боюнча келип түшкөн арыздар төмөнкүдөй түзүмдү камтыйт:

- мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө – 29,5 пайыз,

- жеңилдиктерди түзүп берүү – 15,3 пайыз,

- материалдык же гуманитардык жардам көрсөтүү – 11,3 пайыз,

- майыптуулуктун тобун аныктоо жөнүндө – 4,3 пайыз,

- үй-бүлөгө жана балдарга кызмат көрсөтүүлөр – 9,6 пайыз,

- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер маселеси – 5,9 пайыз,

- укуктук маселе – 1,2 пайыз,

- эмгек – 7,1 пайыз,

- жумуштуулук – 4,6 пайыз,

- гендер – 2 пайыз,

- коррупция – 3,9 пайыз,

- гуманитардык жардам – 8 пайыз,

- жана башкалар (угуучу аппарат, социалдык өнүгүү башкармалыктарынын жумушчуларына жана жетекчилерине карата даттануулар, санитардык курортторго жолдомолор, финансылык маселелер) – 6 пайыз.

Каттардын жана арыздардын көп бөлүгү Бишкек шаарынан түшкөн (41,9 пайыз). Чүйдөн – 15,2 пайыз, Нарындан – 9,4 пайыз, Оштон – 9,2 пайыз, Жалал-Абаддан – 8,0 пайыз, Ысык-Көл облусунан – 7,0 пайыз, Баткенден 5,3 пайыз, Таластан – 4 пайыз.

Отчёттук убакыт ичинде жетекчилик 87 жаранды, коомдук кабылдама 833 жаранды кабыл алган. 420 жарандын маселелери чечилип, калгандарына түшүндүрмө берилген.

Пикир

Оставить комментарий