• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Социалдык өнүгүү министрлигинен ведомство штаттык режимде иштеп жатканын, эч ким эч кимди жумуштан айдабаганын билдиришти

Коом 0

Бишкек, 17.10.18 /Кабар/. Социалдык өнүгүү министрлигинин мурдагы башчысы жумушка келип кызматкерлерди жумуштан айдап жаткандыгы тууралуу ЖМКларга чыккан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун басма сөз катчысы Кымбат Кыдыралиеванын айтымында, учурда министрлик штаттык режимде иштеп жатат жана баары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттери менен алектенишүүдө.

“Бизде бардык нерсе жумушка келгендерге жана ведомствого киргендерге көз салган система менен белгиленет. Учурда статс-катчы ведомствонун башчысынын милдеттерин аткарууда. Каныбек Адиев быйыл ушул кызматка сынак аркылуу дайындалган”, - деди басма сөз катчысы.

Кыдыралиева учурда ведомство штаттык режимде иштеп жатканын, эч ким эч кимди жумуштан айдабаганын белгиледи.

Эске салсак, бүгүн, 17-октябрда бир катар ЖМКларда кызматынан алынган социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова жумушка барып, кызматкерлерди жумуштан айдап жаткандыгы тууралуу маалымат чыккан. Маалыматтарга караганда, жабыркаган кызматкерлер депутат Аида Касымалиевага даттанып кайрылышкан.

Пикир

Оставить комментарий