• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Социалдык өнүктүрүү министри кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги көрсөтүлүүдө

Кадр саясаты 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына Ализа Солтонбекованын талапкерлиги көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Солтонбекова социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп эмгектенет.

Солтонбекованын талапкерлиги 25-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет тарабынан каралып, андан кийин Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна чыгарылат.

Солтонбекованын талапкерлиги өкмөт башчы тарабынан сунушталган.

Буга чейин эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматында Улукбек Кочкоров иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий