• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Социалдык өнүктүрүү министрлиги өгөй атасы сабаган 6 жашар баланын укугун коргойт

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Социалдык өнүктүрүү министрлиги өгөй атасы сабаган 6 жашар баланын укугун коргойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына талапкер (социалдык өнүктүрүү министринин орун басары) Ализа Солтонбекова билдирди.

Анын айтымында, баланы таенеси өзүнө Ат-Башыга алып кеткен.

“Ал жерде биздин кызматкерлер көзөмөлгө алып, карап жатышат. Апасы кош бойлуу экен. Ал тосмо арыз жазып, күйөөсүн чыгарып коюуну суранып жатат. Бирок ага мыйзам жол бербейт. Ал баланын укугун сотто биздин адистер коргойт. Биз бул ишти аягына чейин көзөмөлгө алабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий