• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо боюнча координация жүргүзүүчү маморган деп аныкталды

Коом 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишмердүүлүгүнө координация жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган катары аныкталды.

Бул чечим «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын жүзөгө ашыруу максатында кабыл алынды. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишмердүүлүгүнө координация жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган катары аныкталды.

2017-жылдын 27-апрелинде «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол коюлган. Бул мыйзам үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча укуктук негиздерин аныктайт, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерди социалдык-укуктук жактан коргоону камсыз кылат. Бул аракет үй-бүлө мүчөлөрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө тең бирге жашаган жактарга жайылтылат.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин ишмердүүлүгүнө координация жүргүзгөн ыйгарым укуктуу орган катары төмөнкү иш-милдеттерди аткарат:

1). ишмердүүлүктү координациялоо жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча башка субъекттер менен өз ара кызматташуу;

2). үй-бүлөдөгү зомбулук тууралуу маалыматтарды чогултуу, жалпылоо жана талдоо жүргүзүү, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын натыйжалуулугун баалоо жана аны жүзөгө ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү;

3). үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш алып барган субъекттерге методикалык, маалыматтык, консультативдик жана уюштуруучулук жагынан жардам берүү;

4). үй-бүлөлүк зомбулук жасагандар менен иштөө боюнча коррекциялык программаны иштеп чыгууга координация жүргүзүү;

5). үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш алып барган субъекттердин көз карандысыздыгынын кепилдиктерин эске алуу менен алардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзамдар аркылуу мониторинг жүргүзүү жана ушул чөйрөдөгү алардын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча сунуш берүү;

6). үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө илимий жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүү;

7). үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалыматтык жана агартуучулук ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу;

8). үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тууралуу массалык маалымат каражаттарында жана электрондук басылмаларда маалымат берүү;

9). ушул Мыйзамдын аткарылышы тууралуу жыл сайын отчетторду түзүү жана жарыялоо;

10). үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө маалымат алууну, анын ичинде өз сайтында жайгаштыруу аркылуу камсыздоо;

11). үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттерине бюджеттик эмес каражаттарды тартууга жана эл аралык уюмдар, жеке жана юридикалык жактар менен кызматташууну өнүктүрүүгө аракеттешүү;

12). үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндө өз компетенциясынын чегинде башка ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий