• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин депозиттик эсебине – 13 млн 513 миң сом келип түштү - Жаманкулов

COVID - 19 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы атайын депозиттик эсепке 13 млн 513 миң сом келип түштү. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, калктын аз камсыз болгон катмарына жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке бүгүнкү күндө 13 млн 513 миң сом келип түштү. “Ошондой эле ЭЛСОМ багыты боюнча 21 миң 643 сом сом келип түшкөн”, - деп белгиледи ал.

Ал кошумчалагандай, келип түшкөн акчалардын 12 млн 379 миң 996 сому муктаждыгына жараша облустарга бөлүнүп берилди. “Облустарга бөлүнгөн каражаттардын суммасын айта кетсек, Чүй облусуна - 3 млн 587 миң сом, Бишкек шаарына 792 миң 500 сом, Ноокат районуна 1 млн сом, Сузак районуна 2 млн сом, Ош шаарына 4 млн сом, Нарын шаарына 1 млн сом жана Жалал-Абад шаарына 1 млн сом бөлүндү”, - деди министр.

Жаманкулов белгилегендей, бүгүнкү күндө 12 млн 379 миӊ 996 сом сарпталып, эсепте 1 млн 154 миӊ 799 сом 99 тыйын калды.

Пикир

Оставить комментарий