• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Социалдык төлөмдөрдүн мөөнөтү убактылуу узартылды – Соцөнүктүрүү министрлиги

Коом 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Социалдык төлөмдөрдүн мөөнөтү убактылуу узартылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.

Белгиленгендей, КР Өкмөтүнүн буйругу менен өзгөчө кырдаалдын/өзгөчө абалдын режими жокко чыгарылган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин документтерди талап кылуусуз төмөнкүлөрдүн мөөнөттөрү узартылды:

-"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жөлөкпулдар дайындалган адамдарга мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнүн;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомуна ылайык жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алуучу адамдарга жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөөнүн;

-майыптыгы боюнча пенсия алуучу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга пенсияларды төлөп берүүнүн;

-дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттердин кызмат көрсөтүүлөрүнө келишимдердин колдонулушу;

-маалым каттын колдонуу мөөнөтү токтотула тургандыгы белгиленген күнгө карата майыптыгынын тобун өзгөртпөстөн, өтүп кеткен мөөнөттү андан ары эсептөө менен, аймактык (райондор аралык) медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын майыптуулукту белгилеген маалым каттарынын, ошондой эле кезектеги кайра күбөлөндүрүүнүн колдонулушу;

-дайыма кароого жана көзөмөлгө муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген баланы багуу боюнча жеке ассистенттерге милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча ыктыярдуу патенттин жана камсыздандыруу полистеринин жарактуулук мөөнөтү;

-баланы (балдарды) багып алуучу үй-бүлөгө тарбиялоого берүү жөнүндө келишимдердин колдонулушу;

-багып алган балдарга кам көрүүгө финансы каражаттарын, ошондой эле багып алуучу ата-энелердин эмгек акысын төлөп берүүнүн;

-ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилген санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолордун колдонулушу;

-жумушсуздук боюнча жөлөкпул алуучу жарандарга жумуш издөө жөнүндө маалыматтарды талап кылбастан, жумушсуздук боюнча жөлөкпул төлөп берүүнүн.

Бул чара COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал шартында социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана калктын социалдык аялуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий