• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Социалдык тармактарда Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган “Эсибизде!” флешмобу башталды

Коом 0

Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. Социалдык түйүндөрдө улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган флешмоб старт алды. Бул акциянын демилгечиси белгилүү теле алып баруучу жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова.

Демилгечинин айтуусунда акциянын башкы идеясы – ар кайсы өлкөнүн жөнөкөй жарандары улуу инсандын чыгармачылыгын баалап, барктай тургандыгын дүйнө жүзүнө көрсөтүү.

Флешбомго катышуу үчүн теле алып баруучунун Instagram баракчасындагы Айтматовдун сүрөтүнүн астына “Эсибизде!” деп жазып, аны өзүңүздүн баракчаңызга салып, суктануу сөздөрүн жазуу керек. Башкы сөз (хештег) Молдокматованын бараксачында көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий