• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Социалдык жактан корголбогон категориядагы адамдарды колдоо 3 багытта жүргүзүлдү — Адиев

Коом 0

Бишкек, 29.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери кирген учурда социалдык жактан корголбогон категориядагы адамдарды колдоо 3 багытта жүргүзүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, гуманитардык, каржылык, социалдык кепилдиктер жана кошумча жардамдар уюштурулган.

“Өкмөттүн буйругуна ылайык, документтерди талап кылуусуз социалдык төлөмдөрдүн, кепилдиктердин мөөнөттөрү узартылды. Ошондой эле министрлик тарабынан берилүүчү бардык социалдык төлөмдөр каржыланып, өз убагында жана толук көлөмдө төлөндү. Алуучулардын саны орточо эсеп менен 560 миңден ашуун адамды түздү. Республика боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн 9181,75 тонна гуманитардык жардам бөлүнгөн. 327,792 тонна кумшекер Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүштүрүлүп берилген”, - дейт ал.

Адиев гуманитардык жардам жакырчылык деңгээлин, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн, ошондой эле ошол аймакта жашаган, гуманитардык жардамга муктаж болгон башка жарандардын бар экендигин эске алуу менен көрсөтүлгөнүн айтат.

“Акча каражаттардын түшүшү жана бөлүштүрүлүшү жөнүндө бардык маалымат министрликтин www.mlsp.gov.kg расмий веб-сайтында жайгаштырылат”, - деп кошумчалады Адиев

Пикир

Оставить комментарий