• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.03.20./Кабар/. Калк үчүн социалдык маанидеги азык-түлүктүн экономикалык жактан жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси камтылган социалдык жактан маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинее ылайык, дүйнө жүзүндө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.

Мамлекеттик жөнгө салуу ун, нан, сүт, суу май, каймак май, шекер, күрүч, макарон, тоок жумурткасы жана картошканын наркына тийиштүү болот. Чектөө ушул токтом күчүнө киргенден баштап 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө киргизилди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, нарктын максималдуу деңгээлин аныктоо тапшырмасы берилди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ички рыногундагы убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон товарлардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 токтому менен бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий