• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Соцкызматкерлердин арасында үйдө тейлөөнүн коопсуздугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Кызыл Ай коому менен биргеликте райондук/шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү бөлүмдөрүнүн социалдык кызматкерлеринин арасында үйдө тейлөөнүн коопсуздугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республика боюнча 900дөн ашуун социалдык кызматкерлер жалгыз жашаган улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө үй кызматын көрсөтүшөт.

Өлкөдөгү карантиндик режимге карабастан, социалдык кызматкерлер жарандар менен ар дайым байланышта болушуп, жума сайын үйлөрүндө кам көрүп жатышат. Иштин коопсуздугун, анын ичинде коронавирустун коркунучу бар адамдарды камсыз кылуу максатында, министрлик Кызыл Ай Коому менен биргеликте социалдык кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Мындан улам, коопсуздуктун бардык стандарттарына жана социалдык аралыкка ылайык, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош облустарынын райондук/шаардык бөлүмдөрүнүн социалдык кызматкерлеринин чакан топтору менен семинарлар өткөрүлдү.

Окуудан өткөн кызматкерлер үйдө кызмат көрсөткөн учурда өзүн жана камкордугуна алынган адамды кантип коргоо жөнүндө маалымат менен мессенждер WhatsApp аркылуу кесиптештери менен бөлүшүүдө. Бул иш-чаралар өзгөчө кырдаал режими алынып салынганга чейин жүргүзүлүп, өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий