• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Соцкызматкерлерге карыларга алгачкы жардам көрсөтүү окутулууда – ЭСӨМ

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Кыргызстандын социалдык кызматкерлерине үйүндө тейленген кары жарандарга алгачкы жардам көрсөтүү окутулууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көлдө “Кары жарандарга социалдык-медициналык жардам көрсөтүү” аттуу семинар-тренинг өткөрүлүүдө. Аталган иш-чаранын максаты үйүндө жалгыз калган карылар үчүн көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртуу болуп саналат.

Ведомстводон белгилегендей, катышуучулар кары жарандарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча ыкмаларды үйрөнүшөт. Аларга инсульт, инфарктты кантип билүүгө болору, андан тышкары тез жардам келгенче кары адамга жардам берүү үчүн кандай аракеттерди жасоо керектиги, ооруну кантип алын алууга болору үйрөтүлөт.

Машыктыруучу үчүнчү курактын физикалык өзгөчөлүктөрү, төшөктө жаткан оорулууну кантип кароо керектиги тууралуу айтып берет.

Тренингдин жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар берилет.

Пикир

Оставить комментарий