• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Новопавловка айыл аймагындагы жерлер «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/.Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан жерлер «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду. Тийиштүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган чечим Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында социалдык объектилерди куруу максатында кабыл алынган.

Мындан улам жана «КР министрлер кабинети жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, КР Жер кодексинин 20-беренесине жана «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» КР Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, КР президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2021-жылдын 24-ноябрындагы № НА-05-1115 корутундусун көңүлгө алып, КР министрлер кабинети токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында № 484 контурда жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 18 га айдоо жери социалдык мекемелерди куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын).

Пикир

Оставить комментарий