• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Соцтүйүндөн башталган жаңжал: ИИМден чачташып мушташкан мектеп окуучулары тууралуу айтып беришти

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Ички иштер министрлигинен чачташып мушташкан мектеп окуучулары тууралуу маалымат беришти. Маалым болгондой, Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүрүшүндө 2018-жылдын 21-ноябрында жана 4-декабрында жарыяланган видео бир эле окуя экендиги такталган. Аталган окуя 2018-жылдын 21-ноябрында болжол менен саат 11.00дѳ болгон.

Видеодо сабалып, жабыркаган кыз Ош шаарынын мектептеринин биринин 11-классынын окуучусу, 2002-жылы туулган.

Ал эми аны ур-токмокко алган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2002-жылы туулган жашоочусу. Эки кыз ортосундагы жаңжалды видеого тарткан кыз Кара-Суу районунун жашоочусунун курбусу болуп чыккан.

"Алгачкы иликтөөнүн жүрүшүндө 18-ноябрда жаңжалдашкан тараптар социалдык түйүн аркылуу байланышып, ѳз ара урушуп кетишкен. Алар бири-бирин интернеттен "фейк" баракчалар аркылуу гана таанышып, ѳз ара жаңжалдарын чечүү максатында Ош шаарынын эс алуучу жайларынын биринде жолугушууну сүйлѳшүшкөн. Ал жерде 21-ноябрда саат 11.00дөр чамасында жолугушуп, уруша кетишкен. Ошол жерден окуя видео тартылган. Андан соң видеого тарткан кыз досторунун арасында тараткан", - деп билдиришти ИИМден.

Аталган окуя кылмыштарды каттоо китебине катталган.

Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин ("Бейбаштык") негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө мыйзамда көрсөтүлгөндөй кайдыгер мамиле кылып видеого тартып жана жайылткандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча маселелер карап жатат.

29-ноябрда Ош шаарында КР ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин катышуусунда көчмө ыкчам жыйын өткөн. Анда милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү менен жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин алдын алуу ишмердүүлүгүндөгү тарбиялоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдоруна байланышкан маселелер талкууга алынган.

Көчмө жыйындын жыйынтыгы менен кызматындагы кемчиликтери үчүн Коомдук коопсуздук кызматынын бир катар жетекчилери тартиптик негизде жазаларды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий