• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Соцтармакта «Коронавирустун алдын алабыз. Ынтымак, ишеним жана тартип» урааны алдында флешмоб башталды

Коом 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда «Коронавирустун алдын алабыз. Ынтымак, ишеним жана тартип!» деген ураан алдында флешмоб башталды. Бул тууралуу акциянын демилгечилеринин бири Табылды Муратбеков билдирди.

Табылды Муратбековдун айтымында, бул ураанда коранавируска каршы биргеликте күрөшүү идеологиясы чагылдырылган.

«Эмне үчүн ынтымак, ишеним жана тартип? Биринчиден, мындай кырдаалда ызы-чууга түшпөстөн, бири-бирибизге жок дегенде моралдык колдоо көрсөтүп, ниет-тилектерибиздин бир экендигин көрсөтүшүбүз керек. Мисалы, карантин үчүн кошумча орун керек болуп калса, санаторийде эс алып жаткандар орундарын пациенттерге бошотуп беришсин. Же көчөдөгү эле бирөөдөн оорунун белгилерин байкасаң, кош көңүл болуп кетип калбай, тез жардамга чал жана башкалар», - дейт ал.

Муратбеков белгилегендей, дарыгерлерге ишенип, мамлекетибиз белгилеген эрежелерди жана ченемдерди тартип менен так аткарыш керек.

«Бул чакырык менен күрөшүү мамлекеттик бийликтин институттарынын эле эмес? ар бирибиздин милдетибиз. Кыргызстандыктарды флешмобду колдоого чакырам», - деп кошумчалап кетти Муратбеков.

Пикир

Оставить комментарий