• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Соцтармактардагы жеке баракчаларды бузуп кирүүгө MegaCom компаниясынын тиешеси жок

Коом 0

Бишкек, 11.07.20. /Кабар/. Акыркы күндөрү интернет колдонуучулар кыргызстандыктардын социалдык тармактардагы жеке баракчаларына үчүнчү жактар бузуп кирип жатышат деген фактыларга нааразычылыктарын билдирип жатышат. Мекендештерибиздин жеке баракчасына ээ болууну көздөгөн бул интернет-шылуундукту айрымдар жаңылыштык кылып MegaCom компаниясы менен байланыштырууда.

Мындай жалган маалыматтын тарап жатканына байланыштуу MegaCom компаниясы социалдык тармактардын колдонуучуларынын жеке баракча, маалыматтарына ээ болуу үчүн аны бузуп кирип жаткан фактыларга тиешеси жок экенин расмий кабарлайт.

"Соцтармактын колдонуучусунун жабдыгы менен Facebook, Instagram жана башка ушул сыяктуу ресурстарга шифр менен кошуу SSL протоколу аркылуу жүргүзүлөт. MegaCom компаниясы интернет-трафикти жеткирүү кызматын гана аткаргандыктан абоненттердин социалдык тармактардагы баракчаларынын пароль, логиндерине, жеке маалыматтарына, кат куржундарына жана башка маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгү жок", - деп билдиришти"Альфа Телеком" ЖАКсынын техникалык адистери.

MegaCom мындай жагдайда социалдык тармактардын колдонуучуларына жеке баракчаларына кирүү коопсуздугун, жеке маалыматтарын катуу жолдорун күчөтүүнү сунуштайт. Жеке компьютердеги, гаджеттеги баракчаларда сакталган маалыматтарды же баракчанын өзүн коргоо үчүн вируска каршы программаларды, файерволдорду колдонууну кеңеш беребиз.

Жеке баракчаларды бузуп кируүүдө эң көп жайылган qwerty же 12345678 паролдорун колдонушат. Социалдык инженерия менен күрөшүүдө жеке маалыматтардын коопсуздугун коргоо үчүн электрондук почта менен соцтармактагы аккаунттардын пароль, логиндерин бат-баттан алмаштырып туруу туура болот. Пароль катары телефон номерлериңерди, туулган күндүн датасын, досторуңардын аттарын, үй жаныбарларыңардын аттарын, автоунаанын мамлекеттик номерин колдонбоого аракет кылгыла. Жеке баракчаларга бузуп кирүүдө көбүнчөсү пароль, логинди калыбына келтирүү ыкмасын пайдаланышат да көзөмөлдөөчү суроолорго жооп таап алышат.

Социалдык инженерия ыкмасы менен аккаунтка бузуп кирүүдөн сактануу үчүн пароль, логинге тамга, сан жана атайын белгилерди колдонуу туура.

Аккаунттарга бузуп кирүүгө ишеничсиз мобилдик тиркемелерди пайдалануу да шарт түзөт. Сиздердин мобилдик телефонуңуздардын эс тутумуна сакталган маалыматтардын жетки маркерин жашыруун уурдаган көптөгөн программалар бар. Ошондуктан, эгерде кимдир бирөө сиздин аккаунттун жетки маркерин уурдаса ал сиздин баракчага кире алат.

Жеке маалыматтарыңыздарды коргоо боюнча бардык сунуштарды эске алуу менен баарына көзөмөл болуңуз.

Акыркы күндөрү интернет колдонуучулар кыргызстандыктардын социалдык тармактардагы жеке баракчаларына үчүнчү жактар бузуп кирип жатышат деген фактыларга нааразычылыктарын билдирип жатышат. Мекендештерибиздин жеке баракчасына ээ болууну көздөгөн бул интернет-шылуундукту айрымдар жаңылыштык кылып MegaCom компаниясы менен байланыштырууда.

Мындай жалган маалыматтын тарап жатканына байланыштуу MegaCom компаниясы социалдык тармактардын колдонуучуларынын жеке баракча, маалыматтарына ээ болуу үчүн аны бузуп кирип жаткан фактыларга тиешеси жок экенин расмий кабарлайт.

"Соцтармактын колдонуучусунун жабдыгы менен Facebook, Instagram жана башка ушул сыяктуу ресурстарга шифр менен кошуу SSL протоколу аркылуу жүргүзүлөт. MegaCom компаниясы интернет-трафикти жеткирүү кызматын гана аткаргандыктан абоненттердин социалдык тармактардагы баракчаларынын пароль, логиндерине, жеке маалыматтарына, кат куржундарына жана башка маалыматтарына кирүү мүмкүнчүлүгү жок", - деп билдиришти"Альфа Телеком" ЖАКсынын техникалык адистери.

MegaCom мындай жагдайда социалдык тармактардын колдонуучуларына жеке баракчаларына кирүү коопсуздугун, жеке маалыматтарын катуу жолдорун күчөтүүнү сунуштайт. Жеке компьютердеги, гаджеттеги баракчаларда сакталган маалыматтарды же баракчанын өзүн коргоо үчүн вируска каршы программаларды, файерволдорду колдонууну кеңеш беребиз.

Жеке баракчаларды бузуп кируүүдө эң көп жайылган qwerty же 12345678 паролдорун колдонушат. Социалдык инженерия менен күрөшүүдө жеке маалыматтардын коопсуздугун коргоо үчүн электрондук почта менен соцтармактагы аккаунттардын пароль, логиндерин бат-баттан алмаштырып туруу туура болот. Пароль катары телефон номерлериңерди, туулган күндүн датасын, досторуңардын аттарын, үй жаныбарларыңардын аттарын, автоунаанын мамлекеттик номерин колдонбоого аракет кылгыла. Жеке баракчаларга бузуп кирүүдө көбүнчөсү пароль, логинди калыбына келтирүү ыкмасын пайдаланышат да көзөмөлдөөчү суроолорго жооп таап алышат.

Социалдык инженерия ыкмасы менен аккаунтка бузуп кирүүдөн сактануу үчүн пароль, логинге тамга, сан жана атайын белгилерди колдонуу туура.

Аккаунттарга бузуп кирүүгө ишеничсиз мобилдик тиркемелерди пайдалануу да шарт түзөт. Сиздердин мобилдик телефонуңуздардын эс тутумуна сакталган маалыматтардын жетки маркерин жашыруун уурдаган көптөгөн программалар бар. Ошондуктан, эгерде кимдир бирөө сиздин аккаунттун жетки маркерин уурдаса ал сиздин баракчага кире алат.

Жеке маалыматтарыңыздарды коргоо боюнча бардык сунуштарды эске алуу менен баарына көзөмөл болуңуз.

Пикир

Оставить комментарий