• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Соцтармактын колдонуучулары үйлөрүнө жылуулук келе баштагандыгын билдиришти

Коом 0

Бишкек, 30.01.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Батирлерге жана кеңселерге жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу калаа тургундары социалдык түйүндөрдө жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, бүгүн КР өкмөт башчысы Сапар Исаков кечки саат 16:00гө чейин батирлерге жылуулук бериле баштаарын билдирген.

Кээ бирлери жада калса жылуулук берилет деген саатты абдан чыдамсыздык менен күтүшкөн.

Алсак, кубанычтуу кабар тууралуу калаа тургундары социалдык түйүндөрдө бөлүшкөн:

“Тунгучта жылуу”,-деп жазган karuna_l.a.

“Батареялар жылуу болуп калды. Чыгыш 5”,- zvezda8985.

“Биздин батареялар жылуураак болуп калды. Аламүдүн-1 кичи району”, - lelka_34_56.

“Чындыгында эле бизде жылуу”,- elmira7701.

Маалымдалгандай, Гоголь-Москва, Асанбай, 11 кичи район, 5 кичи район жана Совет-Чүй көчөлөрүндө да жылуу болуп калган.

Пикир

Оставить комментарий